24.kg
11:48, 08 мая 2018, 24.kg

Кош жарандуулук боюнча айыпталып жаткан чиновник Нурсулу Ахметова болуп чыкты

Кош жарандуулук боюнча айыпталып жаткан чиновник Нурсулу Ахметова болуп чыкты. Ал учурда президенттин аппаратынын  Стратегиялык өнүктүрүү, экономикалык жана каржылык саясат бөлүмүн жетектейт.

Ахметова буга чейин кыргыз-орус өнүктүрүү фонду башкармалыгын жетектеп, мамлекет башчысынын кеңешчиси кызматын аркалаган.

Нурсулу Ахметова «24.kg» агенттигине ал Казакстандын жараны эмес экенин, маалыматты жарыялаган фейк экенин айтты.

Ал эми «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондунун директору Татту Мамбеталиева Социал-демократтар фракциясынан депутат Дастан Бекешевдин кечирим суроосун талап кылууда. Анткени депутат буга чейин «24.kg» агенттигине Нурсулу Ахметованын паспортунун көчүрмөсү электрондук дарегине Татту Мамбеталиеванын атынан келгенин айтып, бирок ал фейк экенин маалымдаган.

Эскерте кетсек, Дастан Бекешев президенттин аппаратынын Стратегиялык өнүктүрүү, экономикалык жана каржылык саясат бөлүмүн башчысы Казакстандын жараны экенин, депутат кечээ анын жарандыгын тастыктаган документ менен таанышканын социалдык тармактарга жазып чыккан.

Photo 70932

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18