24.kg
09:40, 08 мая 2018, 24.kg

Бишкектин бейтапканалары бейтаптарды электрондук каттоого ала баштайт

Бишкектин бейтапканалары электрондук каттоого өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда бейтаптардан саламаттык сактоо мекемелериндеги кезекке туруулар боюнча арыздар көп келип түшүүдө. Пилоттук долбоор Бишкектин № 8-үй-бүлөлүк медициналык борборунда ишке ашырылып жатат, майдан тарта Ысык-Көлдүн үч районунда башталат.

«Долбоорду алгачкы жолу ийгиликтүү баштап алсак, андан кийин бардык саламаттык сактоо мекемелерине жайылтылат. Бул бейтаптарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатып, кезекке турууларды жокко чыгарууга шарт түзөт», — деп маалымдайт мекеме.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18