24.kg
09:09, 08 мая 2018, 24.kg

Тажикстанда бетон басып калган эки өспүрүм каза болду

Тажикстандын Хатлон облусунун Вахш районунда жашаган эки өспүрүм суу бургуч бетон лоток басып калып мерт болушту. Дагы бир өспүрүм оор абалда ооруканага жеткирилди.

Кырсык жекшемби кечинде Бустон кыштагынын четинде, 15 жаштагы Махмадали менен 12 жаштагы Рустам Давлатов мал багып жүргөн маалда болгон.

Катуу шамал менен нөшөрлөгөн жамгырдан жашырынган үч өспүрүм бетон лотоктордун алдына киришкен. Бирок алар күтүүсүздөп кулап кетип, балдарды басып калган. Өспүрүмдөрдүн бири аман калган, бирок дарыгерлер анын абал оор экенин айтышууда.

Жергиликтүү тургундар билдиришкендей, нөшөрлөгөн жамгырдан улам аймакта сел жүргөн. Анын кесепетинен Бустон айылында бир нече турак үй жабыркап, айыл-чарба жерлери баткак алдында калган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18