24.kg
16:34, 07 мая 2018, 24.kg

Ондон ашык кишиге унаа убада кылып, акчасын алып качып жүргөн жаран кармалды

Photo 70846

 

Жаранга LX 470 үлгүсүндөгү унааны убада кылып, акчасын алган соң качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга жергиликтүү тургундан арыз келип түшкөн. Арызында 2018-жылы мартында «Э» аттуу жаран Казакстандан LX 470 үлгүсүндөгү автоунааларды ыңгайлуу баада алып келип берем деп жабырлануучунун ишенимине кирип, 44 миң 250 доллар акчасын алып, ушул күнгө чейин изин жашырып качып жүргөндүгү жазылган.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иштеринин жыйынтыгында жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 1989-жылы туулган Р.Э. аттуу жаранды кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар экендиги аныкталган.

Ушундай эле арыз менен 10 жаран кайрылып, жогоруда көрсөтүлгөн жаранга тиешелүү чараларды көрүүлөрүн суранышкан. Азыркы учурда кылмышка шектүү жаран ушул сыяктуу башка 30 кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталды.

Бул кылмышка шектүүнүн колунан жабыр тарткан жарандар Биринчи май райондук ИИБга же төмөнкү телефондорго кайрылса болот: 0(551) 102-236; 0(555) 600-689; 0(551) 102-808; 0(553) 214-421.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18