24.kg
15:46, 07 мая 2018, 24.kg

Владимир Путин Россияны төртүнчү жолу башкарууга киришти

Photo 70826

Бүгүн Москвада Орусиянын шайланган президенти Владимир Путиндин кызматка киришүү салтанаты өттү.

Кремлде ант бергенден кийин Владимир Путин Собор аянтына барып, Кремл полкунун парадына күбө болду. Андан соң Благовещенск соборунда кудайга сыйынуу жөрөлгөсү өттү.

Владимир Путин биринчи жолу инаугурацияга жалгыз келди. Расмий түрдө Орусиянын президенти учурда бойдок. Ал мурдакы аялы Людмила менен 2013-жылы ажырашып кеткен.

Салтанатка Орусиянын белгилүү инсандары, актерлер, коомдук ишмерлер катышты. Журналисттер Москванын мурдакы мэри Юрий Лужков менен актер Стивен Сигалга көңүл бөлүшкөн.

Ал эми чет мамлекеттердин башчыларынан эч ким жок. Кремль буга чейин Латвиянын президенттине чакыруу жөнөткөнүн ачыктаган. Италиянын мурдакы жетекчиси Сильвио Берлускони жана Германиянын экс-канцлери Герхард Шредер катышкандыгы маалымдалат.

Кыргызстандын атынан элчи Болот Отунбаев болду.

Photo 70828

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18