24.kg
15:36, 07 мая 2018, 24.kg

Чак түштө бейтааныш киши 19 жаштагы жарандын жанын алды. Сүрөт бар, абайлаңыз

Жалал-Абал облусунун Базар-Коргон районунан бейтааныш киши 19 жаштагы жаранды далыга сайып өлтүрдү. Бул тууралуу милиция кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, болжол менен саат 10:30 чамасында катталган. Эки жигит авто бекеттен унаа күтүп турган маалда жанына мас киши келип, аларга тийише баштаган. Анын кесепетинен тараптар мушташа кетип, 19 жаштагы жаранга бычак урулган. Ал кырсык катталган жерден жан берген.

Учурда кылмыш жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалы жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18