24.kg
14:48, 07 мая 2018, 24.kg

Премьер-министр Ошко жүргүнчүлөр менен чогуу учту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ошко жүргүнчүлөр менен чогуу учту. Бул тууралуу маалыматты өкмөттөн ырасташты.

Алардын айтымында, өкмөт башчы бизнес класстан да баш тартып, эконом класска олтурду.

Эскерте кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплексинин ачылыш салтанатына катышат. Ошондой эле Жалал-Абад шаардык № 6- орто мектебинин курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Ош облусунда Мухаммедкалый Абылгазиев Ана-Кызыл тилкесинин, Ачы, Кең-Сай массивдеринин өздөштүрүлүшү жана андагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшүнөн кабар алат.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков Ошко катардагы каттам менен учкан. Ал анда мамлекеттик иш менен эмес, жеке иштери менен сапар алгандыгы айтылган. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18