24.kg
13:12, 07 мая 2018, 24.kg

Президенттин аппаратындагы Манас Арабаев Самаковдун сотуна кысым көрсөтүүдө

Жогорку мамлекеттик кызматта отурган Манас Арабаев мурдагы депутат Карганбек Самаковдун ишин кароодо сотко кысым көрсөтүүдө. Бул тууралуу «24.kg» агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйынында экс-депутат Эсенгул Исаков билдирди.

Ал мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Кеңештин фракция лидерлерине кайрылып, укук коргоо органдарында болуп жаткан баш аламандыкка көңүл бурууга чакырды.

«Карганбек Самаковдун ишин биринчи инстанцияда судья Чыңгыз Адамкулов караган. Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, ал актоо өкүмүн чыгараарда аны башка Дамирбек Назаров аттуу сот менен алмаштырышкан. Адамкулов ооруп калды деп шылтоолошкон. Ал эми соттор алмашкан учурда Адамкулов иштеп эле жаткан. Кийин бул иштин башында президенттин аппаратынын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаев турарын билдик», — деди Эсенгул Исаков.

Эскерте кетсек, Карганбек Самаков Чүй облусунун Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарындагы 262 гектар айыл чарба багытындагы жерди мыйзамсыз менчиктештирип алган деп айыпталууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18