24.kg
12:56, 07 мая 2018, 24.kg

Алдамчылык жолу менен жарандын 40 миң долларын алып кеткен киши кармалды

Алдамчылык жолу менен жарандын 40 миң долларын алып кеткен киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургун милицияга арыз менен кайрылган. Арызда март айында «А» аттуу жаран арыз ээсине унаа жуучу жай куруу үчүн жер тилкесин таап берем деп, алдоо жолу менен ишенимине кирип 40 миң долларын алып, изин жашырып качып жүргөндү жазылган.

Ошондой эле жаран убада кылган жер тилкеси курулушка мүмкүн эмес экендиги аныкталган.

Аталган факт Биринчи май райондук ИИБда каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү учурунда 1987-жылы туулган А.А. аттуу жаранды кармалган.

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Photo 70724

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18