24.kg
10:04, 07 мая 2018, 24.kg

Премьер түштүк аймактын жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусуна сапарынын алкагында өкмөт башчы «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплексинин ачылыш салтанатына катышат. Ошондой эле Жалал-Абад шаардык № 6- орто мектебинин курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Ош облусунда Мухаммедкалый Абылгазиев Ана-Кызыл тилкесинин, Ачы, Кең-Сай массивдеринин өздөштүрүлүшү жана андагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшүнөн кабар алат.

Мындан тышкары, премьер-министр Араван-Сай дайрасына салынган жаңы көпүрөнүн ачылышына катышып, андан соң 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Улуу жеңиш майрамы менен куттуктайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18