24.kg
17:34, 04 мая 2018, 24.kg

Өзбекстан облустарынын биринде түнкүсүн сейилдөөгө тыюу салынды

Кашкадарыя облусунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери түнкү 22.00дөн кийин чайханада отурган кишилерди кармап, аларды административдик айыпка тартууда.

«Жура» чайханасынын кардарларынын биринин айтымында, 30-апрелде күтүүсүз келген райондук милиция кызматкерлери кечки тамакты аягына чейин ичирбестен, аларды автобуска салып, милиция бөлүмүнө алып кетишкен.

«Алар облус башчысынын чечимине ылайык, түнкү 22.00дөн кийин көчөдө сейилдөөгө тыюу салынганын айтышты. Бул убакытта үйдө отуруш керек экен», — деди жергиликтүү жашоочу.

Ал тогуз кишиге айыппул салынганын кошумчалады.

Яккабаг райондук милиция бөлүмүнүн кызматкери бул маалыматты тастыктады. Ал бул иш-чара кылмыштуулуктун санын азайтып, жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатына жүргүзүлүп жатканын билдирди. Тартип сакчынын айтымында, кечкисин спирт ичимдиктерин ичип, жаңжал чыгарган кишилер гана кармалууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18