24.kg
16:56, 04 мая 2018, 24.kg

9-майга арналган көк-бөрү оюну Чолпон-Атада өтөт

6-9- май күндөрү Чолпон-Атада Улуу жеңиш майрамына карата көк-бөрү оюну уюштурулат. Бул тууралуу Көк-бөрү федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10 тайпа эки лигага бөлүнүп оюн көрсөтөт. Жогорку лигада «Ынтымак», «Достук», «Четинди», «Биримдик» тайпалары ойнойт. Ал эми биринчи лигада «Көк-Жал», «Толкун», «Аафият», «Сары-Өзөн», «Ыссык-Көл-1», «Ыссык-Көл-2» тайпалары күч сынашат.

Жогорку лигада төрт тайпа бир айлампада оюн көрсөтөт. Ким көп упай топтосо, ошол жеңүүчү деп табылат.

Эскерте кетсек, буга чейинки көк-бөрү оюнунда Таластын «Ынтымак» тайпасы жеңүүчү болуп табылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18