24.kg
14:55, 04 мая 2018, 24.kg

Акыйкатчы: Дамирбек Асылбек уулу жана эки кыргызстандык жакшы шартта кармалууда

Аткезчилик боюнча айыпталып, камакка алынган экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу жана эки кыргызстандык жакшы шартта кармалууда. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Шакировго шилтеме берүү менен билдирди.

Учурда камакка алынгандар тууралуу эч кандай доо арыз жок.

«Алардын жактоочулары иш алып барууда. Өздөрү менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. Тергөө иштери уланууда. Казакстан Дамирбек Асылбек уулу алардын жараны экени айтты», — деди ал.

Буга чейин мурдагы депутат менен кошо кармалган Кыргызстандын эки жаранынын жакындары алардын эч кандай күнөөсү жок экенин айтып, акыйкатчыга кайрылган.

Эскерте кетсек, парламенттин депутаты Казакстандын аймагында 16-февралда кармалган. Ага каршы аткезчилик айыбы менен иш козголуп, 17-апрелге чейин камоого алынган. Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу аныкталгандан кийин БШК аны депутаттык мандаттан ажыраткан.

Дамирбек Асылбек уулу 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынан парламентке келген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18