24.kg
14:05, 04 мая 2018, 24.kg

Өмүрбек Текебаев күнөөсүн кечирүүнү эмес, ишин кайра карап чыгууну талап кылат

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев анын күнөөсүн кечирүүдөн баш тартты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине партиянын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, соттолуп, учурда мөөнөтүп өтөп жаткан саясатчы анын ишин кайра карап чыгууну талап кылат. Жактоочулар баардык иш кагаздарын даярдап, президенттик иш башкармачысы Турусбек Коеналиевден гана жооп күтүүдө.

«Турусбек Коеналиев өкмөт үйүндөгү № 306-бөлмөдө 2010-жылы Алмазбек Атамбаев олтурганын такташ керек. Аны сотто бир топ күбөлөр ырасташкан. Ал эми Алексей Модин менен Леонид Маевский өз көрсөтмөлөрүндө Өмүрбек Текебаевдин иш бөлмөсү катары көрсөтүшкөн», — дейт ал.

Эскерте кетсек, кечээ Акыйткачы Кубат Оторбаев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, саясатчыга мунапыс жарыялоону суранган.

Өмүрбек Текебаев 2017-жылдын август айында жемкорлук айыбы менен 8 жылга соттолду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18