24.kg
11:22, 04 мая 2018, 24.kg

Имамдар мектеп окуучуларын адептүүлүккө үндөшүүдө

Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептин 9-10-11-класстарынын окуучуларына «Бийик адептүүлүк» деген аталышта лекция окулду. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Баткен облустук мусулмандар казысынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров «Ыйман» туурасында маалымат берип, окуучулар бардык шарттар түзүлгөн коомдо билим алып жатканын баса белгиледи.

Ал мындай мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбастан илимди тереңдетүү менен адептүү болуу зарылдыгына токтолду. Ошондой эле ал өспүрүмдөрдү ата-энени сыйлоого чакырды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18