24.kg
09:08, 04 мая 2018, 24.kg

Ошто жөө жүргүнчүнү эки унаа катары менен койдуруп кетти

Ошто жөө жүргүнчүнү эки унаа катары менен койдуруп кетти. Бул тууралуу Ош шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 3-мартта болжол менен саат 23:00 чамасында катталган.

Масалиев проспектинен белгисиз айдоочу жөө адамды койдуруп, кырсык катталган жерден качып кеткен. Аны менен удаалаш катуу ылдамдыкта келе жаткан экинчи унаа жөө адамды бир нече метр жерге чейин сүйрөп барган. Алган жаратынан улам киши окуя катталган жерде каза болгон.

Учурда каза болгон адамдын өздүгү такталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18