24.kg
16:10, 03 мая 2018, 24.kg

Премьер-министр жерлерди трансформациялоодо мыйзам чегинен чыкпоого чакырды

Жерлерди бир категориядан экинчиге которууда (трансформациялоодо) акыйкаттык жана мыйзамдуулук сакталышы керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Сугат айдоо жерлерди чарба жеринин башка категориялары жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкулоо учурунда билдирди.

Премьер-министр жерди трансформациялоо маселесин өкмөткө биринчи кезекте кароону сунуштады.

«Жерлерди трансформациялоо маселеси 25-30 жылдан бери карай чечилбей келе жатат. Бул жылдары айыл чарба багытындагы тилкелерге турак-жай курган жарандардын көптөгөн социалдык жана турмуш-тиричилик көйгөйлөрү чогулду. Алар өз мүлкүн мыйзамдаштыра албай, жашаган орду боюча каттоого тура алышпайт. Натыйжада, жарандар балдарды бала-бакча, мектептерге орноштуруу, социалдык жана медициналык көмөк алууга байланыштуу кыйынчылыктарды баштан кечирүүдө. Ошондой эле алар өзүнүн конституциялык укугунан — шайлоого катышуу укугунан айрылышкан», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы аталган мыйзамдарды кароодо жерлерди трансформациялоодогу коррупциялык көрүнүштөргө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

«Республикада ондогон жылдар бою жеке турак-жай курууга чоң эмес жер тилкесин мыйзамдаштыра албай келе жаткан жарандар бар. Буга катар эле айыл чарба багытындагы бир нече гектарлаган жерлерди кандайдыр-бир жол менен өзүнө каттатып алгандар да бар. Алар трансформациялоону пайда табуу ыкмасы катары карашат. Мындайга жол берүүгө болбойт», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18