24.kg
14:48, 03 мая 2018, 24.kg

14 жашар кыз төрөдү. Ата-энеси кызынын кош бойлуу экенин байкаган эмес

Талас шаарында төрөгөн 14 жашар кыздын ата-энеси анын боюнда бар экенин байкаган эмес. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.

Алардын айтымында, 8-класста окуган кыз кечээ эле мектепке барып, сабакта олтурган.

«Жигердүү, жакшы окуган кыз. Сабактан калбай, ийгиликтерди жаратып, жада калса ден-тарбия сабагынан дагы талаптарды аткарып келиптир. Кечинде үйдө олтуруп, ичи ооруп жатканын айтат. Эч нерседен кабары жок ата-энеси ооруканага жеткирет» — дейт министрлик.

Милиция баланын атасын издеп жатат. Мыйзам боюнча кыз мектепти улантышы керек.

Эскерте кетсек, мектеп окуучусу бүгүн таң эрте кыздуу болду.

Буга чейин Ноокат районунда жана Чүй облусунда мектеп окуучулары төрөгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18