24.kg
14:57, 02 мая 2018, 24.kg

10 жашар кызын уурдап кетмекчи болгон испан жараны чек арада кармалды

Бишкектен 10 жашар кызды уурдап кетүүгө аракет кылган Испан жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаран 1-майда Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында кармалган.

«Документтерди текшерүү учурунда 1968-жылы туулган S.C.F. аттуу Испаниянын жараны шек жаратты. Ал өзү дагы, кыз дагы орусча билбей турганын айтты. Бирок кыз орус тилин биле турганы текшерүү учурунда маалым болду. Кыздын энеси буга чейин милицияга баласынын жоголгону тууралуу арыз жазган», — деп маалымдайт чек ара кызматы.

Учурда Испания жараны Октябрь райондук ИИБга өткөрүлүп берилген.

«Жаран Бишкекке бир апта мурун келген. Аз кыздын өз атасы. Жума бою кызын аңдып жүрүп, машыгууга бара жаткан жеринен таксисттин жардамы менен уурдап кеткен. Кызга документ дагы даярдаткан. Учурда документтери текшерилип жатат», — деп жазылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18