24.kg
13:53, 02 мая 2018, 24.kg

УКМК Аскарбек Шадиев Кыргызстанда экенин тастыктады

Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиев чек арадан өткөн жок. Бул тууралуу бүгүн, УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн айрым маалымдоо каражаттары Шадиевдин жардамчысы Айбек Эрмековго шилтеме берүү менен депутат операция жасатуу үчүн Кыргызстандан чыгып кеткенин жазып чыккан.

"УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевге карата Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесине (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) ылайык кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат",- деп маалымдайт УКМК.

Эскерте кетсек, УКМКга Жогорку Кеңештин аппаратынан Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка багытталган 2 миллион 61 миң сом максатсыз пайдаланылганы тууралуу кайрылуу келип түшкөн. 10- февралда Жогорку Кеңештин кызматкери Закировго (жасала документ колдонуу менен бюджеттин акчасына ээлик кылуу) беренеси боюнча айып тагылган. Ошондой эле аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алуу өкүмү чыгарылган.

Кылмыш ишинин алкагында Аскарбек Шадиев дагы айыпталууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18