24.kg
12:06, 02 мая 2018, 24.kg

Парижде Макрондун реформаларына каршы акция уюштурулду

1-майда Парижде француз кесиптик кошуундары президент Эммануэль Макрондун экономикалык реформаларына каршы акция уюштуруп, ал массалык башаламандыктарга айланды. Беткапчан 1200гө жакын экстремист полицияга таш жана «Молотов коктейлдерин» ыргытышты.

Эл аралык француз радиосунун маалыматына караганда, кесиптик кошуундар тобу Бастилия аянтынан Италия аянтына чейин жүрүш жасашы керек болчу. Бирок демонстранттардын кыймылы жүрүшкө кошулган «Кара блок» кыймылынын активисттери тарабынан үзгүлтүккө учуратылган. Солчул радикалдар жолдогу дүкөндөр менен банктардын айнектерин талкалашып, таштанды челектерди өрттөшкөн. Башаламандыктар маалында жол жээгинде жайгашкан «Макдоналдс» ресторанына бөтөлкөгө куюлган өрттөнө турчу суюктук ыргытылган.

«Кара блок» 2017-жылы жайында Гамбургда «Чоң жыйырма» өлкөлөрүнүн лидерлери жолуккан күндөрү уюштурулган башаламандыктарга тиешеси бар экендиги менен белгилүү. Анда 70тен ашык полициячы жаракат алган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18