24.kg
11:43, 02 мая 2018, 24.kg

Бомба эмес, форма: Дүйшөнбек Зилалиевдин иши сотто каралууда

Биринчи май райондук соту президент ант берген күнү бомба тууралуу келип түшкөн жалган маалымат боюнча ишти карады.

Ага Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Дүйшенбек Зилалиев айыпталууда. Отурумда курсант Самара Өмүракунова эң башкы күбө катары көрсөтмө берди.

УКМКнын маалыматына ылайык, ант берүү күнүндө Манас проспекти менен Москва көчөсүнүн кесилишине бомба коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аны Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев маалымдаган.

Кийинчерээк мекеменин басма-сөз кызматы Дүйшөнбек Зилалиев бомба тууралуу эмес, форма тууралуу айтканын билдирген.

1-декабрда аталган маселе боюнча кылмыш иши козголгон. 30-мартта тергөө иштери аяктап, кылмыш жаза кодексинин 228- беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, Дүйшөнбек Зилалиевге айып тагылып, иш сотко өткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18