24.kg
13:00, 29 апреля 2018, 24.kg

Жарым жылга келип кыргыз тоолоруна кызыгып калып калган Сапсата Сангкаватай

Photo 69709

Таиланддын жараны Сапсата Сангкаватайдын кыргызча аты —Айка. 21 жаштагы студент кыз Бишкекке 2017-жылдын июнь айында жарым жылга гана келген. Кыргызстан менен таанышкандан кийин сапарын улантмай болду.

Айка Бишкектеги балдардын кыздарга мамилесине таң калуусун билдирет.

«Көчөдө балдар ышкырып, «Эй, кыз!» деп токтотушат. Кыргызстанда аялдар ачык эле сексуалдык асылууга туш болуп жатканы өкүнүчтүү» — дейт ал.

Кыргыздар абдан көп эт жешет экен. Менин диний ишенимден улам уйдун, койдун, жылкынын этин жебейт элем. Бирок, Кыргызстанда эт жей баштадым.

— Бишкектин эмнеси сиздин өз шаарыңызга окшош?

— Бишкектиктердин меймандостугу тайлардыкына окшош. Алгач бара турган жериме адашып, транспорту билбей кыйналат элем. Бирок, элдер англис тилин түшүнбөсө дагы мага жардам бергенге аракет кылышчу.

Кыргызстан жөнүндө укканда эле анын табигый жаратылыш сагынам го деп ойлойм. Биринчи жолу тоого чыкканда абдан таң калып, табигатка суктанганмын. Анда жамгыр жаап, суу болгонбуз, мен ага карабай айлананын кооздугуна тойбой, кайткым келген эмес.

Photo 69710

— Бишкектин кайсы жерлерин жактырасыз?

— Шаардык борборунда соода түйүнү жагат. Андагы бир кофейния жагы купулума толот. Негизи шаар кыдырып көп басам.

— Улуттук тамак-аштан даам татып көрдүңүзбү?

— Лагман менен палоону жактырам. Негизи камырды жакшы көргөндүктөн бешбармакты дагы атасам болмок. Бирок, анда жылкыны эти болгондуктан, жей албайм. Ал эми курут менен кымызды даамынан улам жактырбайм.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18