24.kg
16:23, 27 апреля 2018, 24.kg

ТИМге кулак кагыш. Стамбулдагы консулдук мекендештерди жемелеп-жерип тейлейт

Түркиянын Стамбул шаарындагы консулдук милдетин начар аткарат. Бул тууралуу мекендешибиз Диана Бугубаева Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, консулдук электрондук почтасы иштебейт жана кыргызстандыктарга алар менен телефон аркылуу байланышуу өтө кыйын. Ал эми консулдуктун кызматкерлери жемелеп, кемсинтип мамиле кылышат.

«Мен консулдукка келгенде узун кезек болчу. Бир эле кагазга кол коюп коюу үчүн бир күн убакытым кетти. Башка шаардан келген эки айлык балалуу кыргыз аялды кечке жуук кайра келүүгө мажбур кылышты. Менин кагазымды бетиме ыргытып, өз милдеттери аткаргысы жок экенин көрсөтүштү» — деп жазат ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18