Кыргызстандагы ЖЭБти оңдогон ТВЕА Тажикстандын алтын кендерине көз артууда
Тажик бийлиги Кытайга кезектеги алтын кендерин берүүгө даяр. Бул тууралуу Душанбе ЖЭБин курган кытайлык ТВЕА компаниясынын жетекчилери билдиришти.
Маалыматка караганда, эгер «Чыгыш Дуоба» жана «Жогорку Кумарг» алтын кендеринен түшкөн акча ЖЭБдин курулушуна кеткен чыгымдарды жаппаса, анда Тажикстан компанияга кезектеги алтын кендерин иштетүү укугун берет.
Буга чейин ТВЕА Душанбе ЖЭБин куруп бергендиги үчүн аталган эки кенди иштетүү укугун алган. Компания Кытайдын «Эксимбанкынан» 349 миллион доллар насыя алып, 2016-жылы кубаттуулугу 400 МВт болгон ЖЭБ куруп берген.
«Учурда Тажикстан өкмөтү менен Кытайдын ТВЕА компаниясынын ортосунда инвестициялык келишим долбоору даярдалып жатат. Биздин эсеп боюнча эки кендеги алтындын көлөмү компаниянын чыгымдарын гана жаппастан, андан кыйла ашып калат», — деп билдирди Тажикстандын Энергетика министрлигиндеги өз булак.
Өз кезегинде ТВЕА компаниясы коммерциялык сыр экенин айтып, кендердеги алтындын запасы тууралуу маалымат бербей келет. СССР маалындагы чалгындоо иштеринин жыйынтыгында, «Чыгыш Доубе» кенинде эле 117 тоннадан ашык алтындын запасы бар экени аныкталган.