24.kg
13:21, 27 апреля 2018, 24.kg

ЖЭБ боюнча депутаттык комиссия ишин аяктады. Жоопкерчилик кимде?

2018-жылдын январында Бишкек жылуулук электр борборунда катталган авария боюнча депутаттык комиссия өз ишин аяктады. Жогорку Кеңеш май майрамдарынан кийин комиссиянын корутундусу менен таанышат. Бул тууралуу депутаттык комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, комиссиянын корутундусуна ылайык, авария үчүн ЖЭБди модернизациялоо ишине катышкан, Алмазбек Атамбаев башында турган, бардык премьер-министрлер жоопкерчиликке тартылышы керек.

"Анткени кытайлык TBEA компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү ал баштаган. Өмүрбек Бабанов процессти уланткан. Жантөрө Сатыбалдиев макулдашууну жигердүү ишке ашырган. Жоомарт Оторбаевдин учурунда модернизациялоо иши башталган. Аны Темир Сариевдин өкмөтү улантып, Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү аягына чыгарган«,- деди Исхак Масалиев.

Эскерте кетсек, аталган маселе боюнча кылмыш иши козголуп, энергетика тармагынын жооптуу кызматтарында отурган жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы бар. Алардын бардыгы жемкордук беренеси менен айыпталууда. Ал эми мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков кечээ УКМКга чакырылып күбө катары сурак берди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18