24.kg
08:56, 27 апреля 2018, 24.kg

АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы дайындалды

АКШнын Мамлекеттик катчысы кызматына Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) мурдагы жетекчиси Майк Помпео дайындалды. Анын талапкерлигин Кошмо Штаттардын Сенаты жактырды.

Майк Помпео америкалык дипломатиянын башчылыгына Рекс Тиллерсон кызматтан кеткенден кийин көрсөтүлгөн.

Бирок анын талапкерлигин демократтар катуу сындап, Трампка жакындыгын жактырышкан эмес.

Помпео Орусияга болгон жумшак саясаттан баш тартууга үндөп, Москвага каршы санкцияларды кеңейтүүнү жактап келген. Помпеонун пикиринде, Орусия президенти Владимир Путин качандыр бир кездеги үлкөн держава макамын кайтарууга жан үрөп, АКШнын позициясын алсыратуу идесын көздөйт.

54 жаштагы Майк Помпео былтыр 23-январда ЦРУнун директорлугуна дайындалганга чейин 2011-2017-жылдары АКШ Конгрессине Канзас штатынан мүчө болгон. Кезинде Гарвард университетинен билим алган. Ал АКШнын жетимишинчи мамлекеттик катчысы болуп калды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18