24.kg
17:31, 26 апреля 2018, 24.kg

Бектер кетет эл калат. Жогорку кызматта саналуу күндөр гана олтурган жетекчилер

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Болот Сүйүнбаев туура 10 күндөн кийин жаңы өкмөт башчынын буйругу менен иштен кетти. Ал 16 апрелде ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков тарабынан дайындалган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын санаалаштарынын бири Болот Сүйүнбаев буга чейин УКМКнын орун басары рангында Анализдөө жана тобокелдерди талдоо кызматын жетекчиси кызматынан жаңы шайланган мамлекет башчысы тарабынан бошотулган.

Бирок аны ошол кездеги премьер Сапар Исаков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башына алып келген. Исаковдун мындай кадамы коомдо катуу талкуу жаратып, демарш катары бааланган.

Буга байланыштуу «24.kg» агентиги кызматында эң кыска мөөнөткө олтурган жетекчилерди эске салат.

Бир күндүк төрага- өлкө башчысы.

Ишенбей Кадырбеков 2005-жылы 24-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланат. Жоогазын ыңклабынан кийин, президент качып, өкмөт ыдырап турган кезде жаңы шайланган парламент негизги легитимдүү орган болуп саналып, депутаттар Ишенбай Кадырбековду төрага кылып шайлашат. Ал иш жүзүндө өлкөнүн убактылуу башкаруу милдетин да алган. Бирок, бир эле күнгө. Эртеси эле өкмөт башчысынын жана өлкө башчысынын милдетин аткаруу Курманбек Бакиев дайындалат. Ишенбай Кадырбеков 27-мартта спикерликти Өмүрбек Текебаевге өткөрүп берет.

Photo 69432

Үч ай олтурган премьер-министр

Азим Исабеков 2007-жылы 29-январь айынан 29-марттына чейин өкмөттү башкарды. Азим Исабеков бир нече министрди кызматтан алуу сунушун ал кездеги президент Курманбек Бакиевге жөнөтөт. Өлкө башчысы анын сунушун кабыл албагандан кийин өзү отставкага арыз жазат. Ошонон кийин мамлекеттик жогорку кызматтарга кайтып келген эмес.

Photo 69428

Бир айлык губернатор

Токон Мамытов 2013-жылдын июнь айында Ысык-Көлгө губернатор болуп дайындалат. Бир ай өтпөй кызматын тапшырып, Бишкекке кайтып келет. Аны өкмөт вице-премьер-министрликке дайындайт. Ушул эле жылы январдан майга чейин Токон Мамытов Мамлекеттик чек ара кызматын дагы жетектөөгө жетишет.

Photo 69429

Бир айга жетпеген жетекчи

Дүйшөнбек Зилалиев 2017-жылдын августунан 17-ноябрга чейин Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер министр болуп иштеди. Ал өкмөттүн коопсуздук жана тартип тармагын эки ай 17 кун гана башкарды. Андан кийин, 23-ноябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жетектеп, ал жерден 21-декабрда, бир айга жетпей козголгон кылмыш ишине байланыштуу отставкага кетти.

Photo 69433

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18