24.kg
10:41, 26 апреля 2018, 24.kg

Бишкекте 86 гектар жер 5 жылга мыйзамсыз ижарага берилди

Бишкекте 86 гектар жер 5 жылдык мөөнөт менен  мыйзамсыз ижарага берилген. Бул тууралуу парламенттин жалпы жыйынында депутат Акылбек Жамангулов билдирди.

«Өзүӊөр жакшы билесиӊер, мурдагы депутат Канат Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турган учурда 30 сотук жерди мыйзамсыз ижарага берип койгон деген айып менен 12 жылга соттолду. Ал эми Бишкек шаарында мындай көрүнүштөр кадам сайын кездешет», — деди эл өкүлү.

«Мисалы, Бишкек шаарынын аймагындагы 86 гектар жер 5 жылдык мөөнөт менен мыйзамсыз ижарага берилип кетиптир. Ал жерге капиталдык курулуштар түшөт экен. Өкмөт бул маселени кылдат иликтеп чыгып, тийиштүү чараларды көрүшү керек. Ансыз ордо калаадагы башаламандык токтобойт», — деп кошумчалады ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18