24.kg
09:19, 26 апреля 2018, 24.kg

Өмүрбек Текебаевдин камерасы видео байкоого алынбай калды

Мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев отурган № 47- колониянын камерасынан видео көзөмөл алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.

Видеокамера мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун видео көзөмөлдү алып салуу мүмкүнчүлүгүн караштырып чыгуу тапшырмасынан кийин эле алып салынган. Өмүрбек Текебаев отурган бөлмөгө видеокамера коюлганы тууралуу 29-январда белгилүү болгон.

Анда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы муну коопсуздук чаралары менен түшүндүргөн. Анткени менен укук коргоочулар жана абактагы саясатчы өзү да мындай аракетти кескин сындаган. Текебаев күндүр-түндүр коюлган видео көзөмөлдү психологиялык кысым катары сыпаттаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18