24.kg
09:17, 26 апреля 2018, 24.kg

Нариман Тулеевдин мамлекеттик карамагына өткөн батирлери дагы эле бош турат

Бишкек шаарынын мурдакы мэри Нариман Тулеевдин мамлекеттин карамагына өткөн батирлери дагы эле бош турат. Бул тууралуу шаардык кеңештин «Республика — Ата Журт» фракциясынын жыйынында Албек Ибраимов билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду батирлерди Бишкек шаардык мэриясына өткөрүп берди. Бирок, ал батирлер толук бүтпөгөндүктөн мэрияда акча жок болуп, азырынча эч ким жашай элек.

Эскерте кетсек, Нариман Тулеев «Жемкорлук» беренеси менен соттолуп, 61 миллион төлөп бошотулган. Бир канча мүлкү менен бирге 11 батири дагы мамлекеттик карамагына өткөн.

«Сапатком» бизнес борбору улутташтырып, анда азыр Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматы олтурат. Ал эми «Караван» соода борбору сатыкка коюулары маалымдалган.

Photo 69234

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18