24.kg
08:47, 26 апреля 2018, 24.kg

Баңгизатын мыйзамсыз ташууга шектелген жаран изделүүдө

Баңгизатын мыйзамсыз ташууга шектелген жаран изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Кара-Буура районунун 1977-жылы туулган Калыс Бекбоев аттуу тургунуна карата Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүмү (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) боюнча кылмыш иши козголгон.


ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгы жарандарга кайрылып, издөөдө жүргөн киши тууралуу кандайдыр-бир маалымат билгендер болсо төмөнкү номурлар аркылуу маалымат берип коюну суранышат: 312 35-12-70, 0700 82-05-05, 0555 82-05-05.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18