24.kg
15:27, 25 апреля 2018, 24.kg

«Ата-Мекендин» ташы өйдө ыргып укук коргоо органдарын көзөмөлгө алмай болду

Жогорку Кеңештин эки комитетине «Ата-Мекен» фракциясынын депуттары жетекчи болуп шайланды. Бүгүн көпчүлүк добуш менен палата «Ата-Мекенди» өкүлдөрүн колдошту.

Эмил Токтошов Бюджет жана финансы комитетин, Наталья Никитенко Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине төрайым болду.

Бул комитеттер оппизициялык фракцияларга бөлүнгөн. «Республика-Ата Журт» коалициялык көпчүлүккө кошулгандыгына байланыштуу комитет башчылары алмаштырылууда.

Белгилей кетсек, «Ата-Мекен» мурдакы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын отставкасын колдоп, премьер-министр Сапар Исаковго ишенбестик көрсөтүү сунушун көтөрүп чыкты.

Фракция коалициялык көпчүлүккө кирбегенни менен жаңы өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевге колдоо көрсөтүп, министрлер курамын бекитип беришти. Социалисттер Сооронбай Жээнбековдун бийлигин азырынча кош колдоп жатышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18