24.kg
15:00, 25 апреля 2018, 24.kg

Эки жаран баңгизат менен кармалды

Кыргызстанда эки жаран баңгизат менен кармалды . Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-март күнү Токтогул районунда милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 26 жаштагы жергиликтүү тургундун башкаруусундагы "Ауди-100«үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулуп, автоунаанын ичин текшерүү учурунда 500 граммдан ашык «гашиш» баңгизаты табылган.

Ушул эле күнү милиция кызматкерлери Чүй облусунун Москва районунун 60 жаштагы Ш.Ж. аттуу жашоочусу баңгизатты мыйзамсыз сактоого шектелип кармалган. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанынан 150 граммдан ашык салмактагы марихуана баңгизаты табылган.

Жогорудагы фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Алынган баңгизаттар экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18