24.kg
14:34, 25 апреля 2018, 24.kg

Ошто окуучулар жана мугалимдер белгисиз заттан ууланды

Ошто он беш окуучу жана эки мугалим белгисиз заттан ууланды. Алар облустар аралык бирдиктүү клиникалык ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу оорукананын жетекчилиги «24.kg» агенттигине билдирди.

 «Алар жетинчи жана тогузунчу класстын окуучулары. Кабинетте кандайдыр бир уулуу зат жайылганын маалымдашты. Мугалимдин бири мектептен өзүн жаман сезсе, экинчиси ооруканадан ошондой абалга кептелди. Учурда барынын абалы туруктуу. Эгер бардыгы жайында болсо, үйлөрүнө кетиребиз”, - деп маалымдашты ооруканадан.

 Ал эми Ооруларды алдын алуу борбору Оштогу № 54 – мектептин окуучулары жана мугалимдери боёктон уулангандарын билдирген. Учурда борбордун кызматкерлери мектепте изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Алар кандай боёктон ууланганы тактала элек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18