24.kg
10:55, 25 апреля 2018, 24.kg

Баткен облусунда бир жылда 1500 жумуш орун түзүлдү

Баткен облусунда 2018-жылдын 1-кварталында салык топтоонун планы 110.6 пайызга аткарылып, 1500 жаңы жумуш орундары түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү маалымдайт.

Быйыл Кадамжай сурьма комбинатын иштетүүгө инвесторлор тартылып, учурда завод жандуу иштеп баштады.

«Жоюлуп кетүү коркунучунда турган завод дээрлик кайра курулуп, инвесторлор заводдун 40 жылдык топтолгон калдыгын иштетип башташты. Заводун тоук кандуу жана көп убакыт үзгүлтүксүз иштеши үчүн кытайлык инвесторлор 9 миллион АКШ долларын өлчөмүндө инвестиция салууга даяр экендиктерин айтышат. Учурда бул сумманын 1,5 миллион долларын жумшашкан. Суткасына 750 тонна калдыкты кайра иштететүүдө. Комбинатта иштеп жаткан 80 жумушчунун, 4 гана Кытай жараны болсо, калганы жергиликтүү тургундар. Алардын орточо эмгек акысы 18миң сомду түзүүдө» — деп айтылат маалыматта.

Комбинат ички чийки затты дагы кайра иштете баштады. Ош облусунун Чоң Алай районунан чийки заттан 25 тонна сурьма чыгарып, Кытайга экспортогон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18