24.kg
10:50, 25 апреля 2018, 24.kg

Жаңы өкмөт курамы парламентте ант берди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган жаңы өкмөт курамы Жогорку Кеӊеште ант берип, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан жаӊы өкмөт мүчөлөрүн ант берүү аземи менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.

Президент өкмөт мүчөлөрүн берген антына бекем туруп, калктын жашоо турмушун жакшыртуу жаатында талыкпай аракет жасоого чакырды.

Белгилей кетсек, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөттүн курамы 2018-жылдын 20-апрелинде отставкага кеткен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18