24.kg
08:44, 25 апреля 2018, 24.kg

Депутат стратегиялык объектилерди кезексиз текшерүүгө уруксат берүүнү сунуштады

Эгерде кандайдыр бир өтө шек туудурган маалыматтар түшсө, анда аны кезексиз текшерүүгө Экотехинспекциянын укугу болушу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ош базарындагы жагдайды мисал тартып, мыйзам талабына ылайык, аны текшерүү үчүн 10 күн мурда кабар кылуу керектигин маалымдады.

«Биз ишкерлерге жеӊилдик берели деп жатып, көп нерсени колдон чыгарып коюптурбуз. Албетте, аларга жагымдуу шарттарды түзүп берүү зарыл, бирок ал чеги менен болушу керек», — деди министр.

Экотехинспекция стратегиялык объектилерди Экономика министрлигинин уруксаты менен жылына бир жолу текшерүүгө акысы бар.

«Күз-кыш мезгили башталганда мыйзам текшерүүлөргө жол бербейт. Андыктан, биздин мүмкүнчүлүгүбүз чектелген», — деди экотехинспекциянын башчысы Канат Муратбеков.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18