24.kg
16:44, 24 апреля 2018, 24.kg

Суроо-жооп. Хиджаб кийбей эле намаз окуса болобу?

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Хиджаб кийбей эле намаз окуса болобу?

Жооп: Намаз — бул ибадат, хиджаб өзүнчө ибадат. Бирок белгилүү болгондой намаз окуп жатканда аял кишинин дене башы жабык болушу керек. Эгерде азырынча хиджаб кийе албасаңыз намазды окуп баштай бергениңиз артыгыраак, мусулман пендеси акыретте алгач намазынан суралары хадистерде баяндалган.

Хиджаб дегенде эле көпчүлүк арабтардын кийими катары түшүнөт. Айрымдар так араб аялдарындай кийингенге аракет кылат. Бирок, динде хиджаб деген — бул аялдын буту-колун учуна чейин жаап, денеге жабышпаган кийим. Кыргыздын улуттук кийимдери дагы динге каршы келбейт.

Photo 68992

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18