24.kg
14:55, 24 апреля 2018, 24.kg

Кыргызстандын АКШдагы элчисине эскертүү берилди

Photo 68953

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Кадыр Токтогуловго эскертүү берди. Бул тууралуу журналисттерге депутат Абдывахап Нурбаев билдирди.

Анын айтымында, АКШда кыргыз диаспоралары менен иш алып барууда элчинин дарегине карата бир топ сын пикирлер айтылган.

"Комитетте Токтогуловдун ишин канааттандырарлык эмес деп табуу сунушталган, бирок депутаттар ага эскертүү берүү чечимине келишти",- деди ал.

Маалыматка ылайык, Кадыр Токтогулов акыркы эки жылда аткарган иштери боюнча отчёт берген эмес. Эскертүү тышкы иштер министрлигине жолдонду.

Кадыр Токтогулов аталган кызматты 2014-жылдан бери аркалап келет. Ага чейин ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы болуп иштеген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18