24.kg
14:31, 24 апреля 2018, 24.kg

Жаза аткаруу мекемесинин кызматкери пара берип жаткан жерден кармалды

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын Механикалык көчмө колоннасынын башчысы И.Ю. тергөө иштерин токтотуу үчүн УКМКнын кызматкерине үч миң доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акча кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана колдонууга берилген мүлктү максатсыз колдонуу фактылары боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгын оңуна чечип берүү үчүн сунушталган.

Аталган факт боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесинин (пара берүү) негизинде кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18