24.kg
14:00, 24 апреля 2018, 24.kg

Депутат баш прокурорлукка сунушталган Жамшитовду аз уктап, көп иштөөгө чакырды

Депутат Калдарбек Баймуратов башкы прокурорлукка сунушталган Өткүрбек Жамшитовду аз уктап, көп иштөөгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттик көпчүлүктүн жыйынында билдирди.

Аны депутат Алмазбек Акматов колдоп, тыштан алынып жаткан насыя жана гранттардын тагдырын текшерүүнү сунуштады.

Андан тышкары, жемкорлук жана аткезчилик менен күрөшүү зарылдыгы белгиленди.

«Баткенде контрабандист абройлуу киши экендигин уктум эле. Азыр Таласта ошондой болуп калды. Аткезчиликке каршы күрөштү күчөтпөсөк болбойт» — деп сунуштады Рыскелди Момбеков.

Эскерте кетсек, мурдакы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны парламент президенттин сунушу менен отставкага жөнөткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18