24.kg
16:13, 23 апреля 2018, 24.kg

Майып балдары бар ата-энелерди кошумча төлөм менен камсыздоо сунушталууда

2019-жылы дайым кам көрүүгө муктаж мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккандарга каражат бөлүү маселеси парламенттин тармактык комитетинде каралды.

Депутат Мирлан Бакировдун айтымында, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген 172,8 миң адам каттоого алынган. Алардын 29,2 миңи балдар.

«Алардын арасынан алты миң бала дайыма кам көрүүгө муктаж. Тилекке каршы алардын саны өсүүдө. Өкмөт мындай үй-бүлөлөрдү 2019-жылы акчалай төлөм менен камсыз кылуу жобосун иштеп чыгуусу керек», — деди ал.

Каражат баланын ата-энесине же аны баккан үчүнчү жакка берилет. Каражат жарандын ден-соолугу тууралуу маалым каттын негизинде берилет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18