24.kg
11:40, 23 апреля 2018, 24.kg

Темир Жумакадыровдун стипендиясы уюштурулду

Кыргызстанда студенттер арасында Темир Жумакадыровдун стипендиясы алуу үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу Жумакадыровдун атындагы Pro Lex коомдук фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, стипендия студенттерди патриот болууга жана кесипкөйлүккө тарбиялоо максатында уюштурулган.

«Стипендия КНУнун Эл аралык байланыш жана чыгыш таануу факультетинин студенттери үчүн уюштурулууда. Анын өлчөмүн окуу жайдын администрациясы аныктайт. Сыйлык акчасына 18 жаштан 25 жашка чейинки активдүү жана алдыңкы студенттер менен магистранттар ээ боло алат», — дем маалымдашат уюштуруучулар.

Эскерте кетсек, вице-премьер-министр Темир Жумакадыров 2017-жылдын 7-октябрында жол кырсыгынан каза болгон. 2018-жылдын февралында анын атынан Pro Lex фонду уюштурулган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18