24.kg
10:51, 23 апреля 2018, 24.kg

200 миң доллар пара менен кармалган Улан Чалбаев камакка алынды

Башкы прокуратуранын соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаевге ири суммадагы пара алгандыгы жөнүндө расмий түрдө айыбы угузулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө иштери аяктаганча Улан Чалбаевди УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка калтыруу чечими кабыл алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, 16-апрелде Башкы прокуратуранын соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жаткан жерден кармалган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18