24.kg
09:16, 23 апреля 2018, 24.kg

40 жылдан берки таштанды жайын иретке келтирбеген Ош мэриясына айып салынды

Жапалак айыл аймагындагы таштандыны иретке келтирбегендиги үчүн Ош шаардык мэриясынын «Тазалык» ишканасына айып салынды. Бул тууралуу мамлекеттик техникалык көзөмөл инспекциясы маалымдайт.

Алардын маалыматында, Жапалактагы 54 гектар жерди ээлеген таштанды 1970-жылдан бери иштейт. Андан бери жергиликтүү бийлик таштанды жайын толук мыйзамдаштырган эмес.

«Айланасы тосулбай, аталган жерге ит-куш, мал жандыктардын өлүктөрү дагы көмүлүп, санитардык абалы кооптуу болуп, айлана-чөйрөгө дагы оор ахыбалды жаратууда» — дейт мамтехинспекция.

Инспекция мэрияга таштандыны башка жакка көчүрүүнү сунуштайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18