24.kg
08:32, 23 апреля 2018, 24.kg

Кыргызстан мамлекеттик карыздын чегин белгилейт

Өкмөт мамлекеттик карыздын көлөмүн ички дүң продукциянын 70% ашырбоо максатында Бюджет кодексине өзгөртүү киргизүүдө. Мындан тышкары бюджеттин таңкыстыгы ИДПнын 3% жогору болбошу керек. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет.

Учурда Бюджет кодексине киргизилген мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда.

2018-жылдын 28-февралына карата мамлекеттик карыз 4, 4миллиард долларды түзгөн. Бул ИДПнын 55,7% барабар. Алардын ичинен тышкы карыз — 3,8 миллиард доллар.

Кыргызстан Кытайдын Экспорт-импорт банкына 1,7 миллиард доллар бересе. Бул тышкы карыздын 44% түзөт.

2018-жылдын январь-март айларында өкмөт мамлекеттик карызды тейлөө үчүн 2,4 миллиард сом жумшаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18