24.kg
15:29, 20 апреля 2018, 24.kg

Бишкекте диний уюмдардын өкүлдөрү ишембилик өткөрөт

Бишкек шаарында ар кайсы диний уюмдардын өкүлдөрү тазалык акциясын өткөрүшөт. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз катчысы Назгүл Кадырназарова билдирди.

Акцияга Дин комиссиясынын кызматкерлери, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын, Кыргызстан орус-православ жана католик чиркөөлөрүнүн, Кыргызстандагы буддисттердин жана иудейлер жамааттарынын, жахаба (евангелисттер) жана баптисттер уюмдарынын, бахаи жана адвентисттер бирикмелеринин, лютерандар жана «Конкорди» лютерандары коомдорунун өкүлдөрү катышат.

Иш-чарага ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин кызматкерлери да барат.

Дин комиссиясы билдиргендей, бул иш-чара диний жамааттардын ынтымагын чыңдоо жана Бишкектик тазалыгын камсыздоого салым кошуу максатын көздөйт. «Таза жашоо» программасынын алкагында өтө турган акция 21-апрелде, ишембилик катары өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18