24.kg
11:48, 20 апреля 2018, 24.kg

Төрага чек арада каза болгон Мырзалыковдун үй-бүлөсүнө жардам көрсөттү

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыргыз-өзбек чек арасында каза болгон Фархад Мырзалыковдун үй-бүлөсүнө жардам көрсөттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Үй-бүлөгө Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан бөлүнгөн 50 миң сом бөлүндү.

Эскерте кетсек, 7-апрелде аталган райондо жайгашкан Кербен чек ара тозотунун тилкесинде белгисиз себептерден улам өзбек чек арачылары Кыргызстандын жаранына ок чыгарып, натыйжада ал алган жараатынан улам ооруканада каза болгон. Маркумдун артында үч кичине баласы калды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18