24.kg
09:25, 20 апреля 2018, 24.kg

Жаңы өкмөттүн болжолдуу курамы

Биринчи вице-премьер-министрдин кызматына өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов сунушталууда. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине парламенттеги булактар билдирди.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, социалдык маселелер боюнча вице-премьер кызматына «Республика — Ата Журт» фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова келет.

Ошондой эле өкмөттүн курамына Жеңиш Разаков жана Олег Панкратов кошулушу мүмкүн. Олег Панкратовду кайрадан экономика министрлигинин башына алып келүү сунушталууда.

Ал эми ИИМдин башына Кашкар Жунушалиев келсе, Космосбек Чолпонбаев саламаттык сактоо министри болоору айтып жатат.

Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, УКМКнын башына Идрис Кадыркулов келет.

Ал эми маданият жана билим берүү министрлери ордунда калат.

Эскерте кетсек, кечээ депутаттар Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишенбестик көрсөтүп, мамлекет башчы өкмөттүн отставкасы жөнүндө жарлыкка кол койгон. Бүгүн парламент кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрдин кызмат ордуна Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин карайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18